
10:28, 2021-ж., 13-декабрь
Төлөйкөн округундагы добуштар кайра саналды

10-декабрда Ош шаардык мэриясында Төлөйкөн округундагы №5228, №5231 шайлоо тилкелериндеги добуштар кайра саналды. Бул тууралуу «турмуш» басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев, Төлөйкөн шайлоо округундагы шайлоо тилкелердин төрага, төрайымдары, мүчөлөрү, «Эл үмүтү» партиясынын өкүлдөрү катышкан жыйын өттү. Анда Узарбек Жылкыбаев Борбордук шайлоо комиссиясына «Эл үмүтү», «Ата Мекен» партиялары Төлөйкөн округундагы добуштарды кайра саноо боюнча арыз менен кайрылгандыгын билдирди.
«Ата Мекен» партиясы Төлөйкөн шайлоо округундагы 5 шайлоо тилкесиндеги добуштарды, «Эл үмүтү» партиясы 2 шайлоо тилкесиндеги добуштарды кайра санап берүү боюнча арыз жазган. Анын негизинде чогулуп отурабыз», - деди Жылкыбаев.
Төлөйкөн округундагы №5228, №5231 шайлоо тилкелеринин төрага, төрайымдары жана мүчөлөрү аталган тилкелердеги добуштарды кайра санап чыгышты.
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Алматовдун маалыматына караганда, «Ата Мекен» партиясы Төлөйкөн округундагы №5303, №5308, №5314, №5317, №5316 шайлоо тилкелериндеги добуштарды кайроо саноону суранган. Ал эми «Эл үмүтү» партиясы №5228, №5231 шайлоо тилкелериндеги добуштарды кайра саноо боюнча арыз жазган. Кайра саноого «Эл үмүтү» партиясынын өкүлдөрү күбө болуп турушту.
Ал эми «Ата Мекен» партиясы кайра саноо боюнча арыз берген шайлоо тилкелериндеги жараксыз бюллетендерди да кайра карап чыгышты.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер