• Башкы бет
  • Ош облусунун аймагында 50 баш малды табуу боюнча тергөө уланууда
10:26, 2021-ж., 13-декабрь

Ош облусунун аймагында 50 баш малды табуу боюнча тергөө уланууда

Ош облусунун аймагында 50 баш малды табуу боюнча тергөө уланууда

Ош облусунун аймагында мал уурулук боюнча катталган кылмыштын 94% бети ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 9-декабрь күнү Нариманов айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 4 уурулукка шектели Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 17 жаштагы тургуну Ж. уулу А. жана Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну О. уулу Т. кармалган. Далил катары уурдалган 3 баш кой алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Кара-Суу РИИБге Кашкар-Кыштак жана Нариманов айыл аймактарынын 4 тургуну арыз менен кайрылышкан. Алар үйүнүн короосундагы койлору белгисиз адамдар тарабынан уурдалып жаткандыгын билдиришкен. Бул фактылар боюнча кылмыш иш козголгон. Учурда тергөѳ иштери улантылууда.

2021-жылдын 11 айынын ичинде Ош облусунун аймагында мал уурулук боюнча 304 арыз катталган. Алардын ичинен 286 кылмыштын (94%) бети ачылган. Жалпысынан 549 баш мал жоголгондугу боюнча арыз түшкѳн. Жарандарга келтирилген чыгымдын кѳѳлѳѳмү 15 млн 758 миң сомду түзгѳн.

Облустук милиция кызматкерлери тарабынан кѳрүлгѳн ыкчам-иш чаралардын натыйжасында 499 баш малды уурдагандардын бети ачылып, кылмыш иши сотко ѳткѳрүлүп берилген. Соттук териштирүүдѳ жабырлануучуларга 14 млн 24 миң сомдук чыгымдары кайтарылып берилген. Же болбосо келтирилген зыяндын 88,9% кайтарылган. Малдар 148 учурдар үйдүн короосунан, 153 учурда жайыттан жоголгон. Жалпысынан мал уурулук кылгандыгы үчүн 64 жаран кармалып сот жобуна тартылган. Алардын ичинде мурда соттолуп кайрадан мал уурулук кылгандар 24 адамды түзөт.

Кылмышка баргандардын арасында 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар 31 адам, 30 жаштан 40 жашка чейинки курактагылар 14 адам, 40 жаштан жогорку курактагылар 5 адам бар. Алардын бирөөсү аял киши. 18 жашка чейинки 3 бала колго түшкөн.

259 баш бодо мал уурдалган. 226 баш малдын чыгым ээлерире кайтарылган. 92 жылкы уурдалып, 83 башы кайтарылган. Жанндык малдан 198 баш уурдалып, 190 баштын чыгымы ээлерине тѳлѳтүлүп берилген. Учурда табыла элек 50 баш малды табуу боюнча иштер улантылып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...