• Башкы бет
  • Өзгөн районунда 16 жаштагы кыз изделүүдө
10:25, 2021-ж., 13-декабрь

Өзгөн районунда 16 жаштагы кыз изделүүдө

Өзгөн районунда 16 жаштагы кыз изделүүдө

Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылынын 2005-жылы туулган тургуну Асемай Полотова изделип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал 28-ноябрь күнү саат болжол менен 12:00 чамасында Куршаб айылындагы Ы.Бектемиров атындагы орто мектепке кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 см, кара тору, дене түзүлүшү арык, кашы көзү кара, чачы кара түстө.

Кийимдери: кара түстөгү картка, ак түстөгү көйнөк, кара галстук, кара түстөгү юбка, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим.

Асеманы көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор боюнча кайрылса болот: (03233) 5-06-36, 0555 20 77 76, 0504 44 55 41.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...