• Башкы бет
  • Ош шаарында ипотекалык үйлөрдүү бөлүштүрүү маселеси каралды
10:22, 2021-ж., 13-декабрь

Ош шаарында ипотекалык үйлөрдүү бөлүштүрүү маселеси каралды

Ош шаарында ипотекалык үйлөрдүү бөлүштүрүү маселеси каралды

11-декабрь күнү Ош шаарында Ош мэриясы тарабынан курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдү бөлүштүрүү маселелери каралып жатат. 

Маалыматка караганда, ипотекалык үйлөр Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жарым жетим, жесирлер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бөлүштүрүлүп берилет.

Ош шаарынын муниципалдык ипотека ишканасынын башчысы Кутманаалы Абдрахман уулу бүгүн атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде кезекте турган жарандар жыйынга катышып, тапшырылган документтерди текшерип жатканын айтып берди.

«Достук кичи районундагы 90 батирлүү үйдү ипотекалык негизде бөлүштүрүү Ош шаардык кеңештин атайын токтомунун негизинде болот. Анда токтомдо коюлган талаптардын баары каралат. Анын ичинде үй алуучу жарандын атында мүлкү каралат. Акыркы 5 жыл аралыгында турак жай, жер үлүшү бар жарандар кезекте турган болсо, аны автоматтык түрдө четтетип жатабыз. Анткени үйгө муктаждар абдан көп. Негизи үй алам дегендердин 1800 арызы катталган. Анын ичинен шаардын Достук аймагында 90 батирлүү үйгө бүгүн 144 адамдын тизмесин каттап, анын ичинен такталып 90 жарандын документтерин комиссия ортолукта карап чыгып, Мамлекеттик каттоо, калкы тейлөө борбору жана банк мекеме ишканаларынын атайын текшерүүсү аркылуу тандалып алынат. Мамлекеттик каттоо үй алуучу жарандын кандай мүлктөрү бар экенин ачыктаса, калкы тейлөө борбору ал жарандын канча жылдан бери Ош шаарынын жашоочусу болуп катталганын карайт. Ал эми банк болсо ал жаран алган белгилүү бир убакытка бөлүнгөн акчаны төлөй алабы деген маселелерин тыкыр карап чыгат. Азыркы бөлүнгөн батирге квота жок»,-деди Абдрахман уулу.

Ал эми 16 жылдан бери кезекте туруп, ипотекага үй алуу мезгилине келгенде жаш курагы өтүп калгандарга берилбей турганын угуп нааразы болгон Лабар Конокбаева төмөнкүлөрдү айтты.

«Көп жыл мамлекетке кыйналып иштеп жүрүп, мамлекеттик ипотекалык негизде берилүүчү батирге кезекке жазылып койсоң анан кийин эле 65 жаштан өткөн жарандарга үй берилбейт дегени бир аз нааразычылык жаратып жатат. Мен үй алуу үчүн кезекке жазылганыма 16 жыл болду. Андан бери бербей эми болсо бизди «жашыңар өтүп калыптыр» деп тизмеден чыгарып жатат. Комиссиядагыларга кайрылсак андай чечимди шаардык кеңештин депутаттары кабыл алыптыр. Эми кайра арыз менен кайрылсак, аны шаардык кеңештин депутаттары кайра карап чыгат экен. Бирок ага деле үмүт жок», - деди Конокбаева.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...