10:42, 2021-ж., 11-декабрь
«Хизб-ут-Тахрир» ДЭУ активдүү мүчөсү кармалды

2021-жылдын 8-декабрында УКМКнын Нарын областтык башкармалыгы жана Нарын облусунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө сот тарабынан тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү, “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУ таандык фотоматериалдарды тараткан “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун активдүү мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Т.у.Б. аттуу жараны кармалды.
Нарын шаардык сотунун санкциясы менен кармалган жарандын жашаган жеринен тинтүү учурунда Фейсбук социалдык тармагында экстремисттик аракеттерди жасаган «Samsung J2» телефону жана сим-картасы табылып алынган.
Азыркы учурда кармалган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
13:23
Кечээ
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер