14:08
-ж., 29-февраль
УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, 2021-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында чет мамлекеттин жараны М.Ш.Р. террористтик ишмердүүлүккө катыштыгы бар деп шектелип кармалды.
Кармалган адамдын Стамбулдагы клубдардын резонанстуу терактка тиешеси бар экени, анын натыйжасында 18 өлкөнүн 39 жараны набыт болгону аныкталган.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Комментарийлер