• Башкы бет
  • Ноокатта мас абалында унаа айдап, кырсыкка кабылган айдоочу боюнча соттун өкүмү чыкты
10:35, 2021-ж., 11-декабрь

Ноокатта мас абалында унаа айдап, кырсыкка кабылган айдоочу боюнча соттун өкүмү чыкты

Ноокатта мас абалында унаа айдап, кырсыкка кабылган айдоочу боюнча соттун өкүмү чыкты

Ош облусунун Ноокат райондук соту мас абалда унаа башкарып, кырсыкка кабылган адамдын иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

  • Айыпталуучу Т.Б.Р. 1980-жылы туулган, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес. Убактылуу иштебейт, орто билимдүү. Ага Жазык кодексинин 297-беренеси (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, айыпталуучу 2021-жылы 15-июнда саат 21:30 чамасында «Мерседес-Бенц Е350» үлгүсүндөгү унаасы менен Ноокат шаарынан Ош шаарына бара жатып, Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагынын Өсөр айылына жеткен учурда жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуп, катуу ылдамдыкта карама-каршы тилкеге чыгып, «Сеат Алхамра» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Экинчи унааны Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Беш-Буркан айылынын тургуну — 1966-жылы туулган О.А.Т. (аял киши) башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен «Сеат-Алхамбра» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчү катары бара жаткан Д.Ф. денесинен оор жаракат алып, Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгында айыпталуучу спирт ичимдигин ичкени тастыкталган.

Сот отурумда айыпталуучу Б.Т. күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, 15-июнда саат 21:00 чамасында «Мерседес» унаасында атасы — 1957-жылы туулган Т.Р. менен Ноокат районунан Ош шаарына бара жатып, Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагынын Өсөр айылында, тактап айтканда Ош—Исфана унаа жолунун 24-чакырымында унаасы жакшы жүрбөй калып, газды катуу басып, алдында бара жаткан жүк ташуучу унаадан өтүү үчүн карама-каршы тилкеге чыккан. Карама-каршы тилкеде келе жаткан күмүш түстүү унаа менен кагышып кеткен. Учурда жабырлануучу менен элдешти.

Ал окуя болгон күнү спирт ичимдигин ичпегенин, андан бир күн мурда 1 литр сыра ичкенин айтты. Ошондой эле Россия Федерациясында иштеп бала-чакасын багарын, эгер пробация дайындалса чет өлкөгө чыга албай кала турганын, негизги турмуш тиричилиги Россия Федерациясында экендигин көрсөтүп, кечирим сурап, женилдик кылып берүүнү суранды.

Сот отурумда жабырлануучу да көрсөтмө берди. Анын айтымында, 15-июнда Ош шаарына жеке жумуштары менен барып, кайра кечинде саат 20:30 чамаларында «Сеат Алхамбра» унаасы менен Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагынын Өсөр айылына жетип калган жерде карама-каршы тилкеде кара түстөгү унаа катуу ылдамдыкта келип, унаасын сүзгөн. Жолдо бара жаткан адамдар жардам берип, Ноокат райондук ооруканасына жеткиришкен. Айыпталуучуга дооматы жок экенин, аны менен элдешкенин билдирди.

Жыйынтыгында сот Т.Б.Р.ны күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салуу менен автоунаа айдоо укугунан 1 жылга ажыратты. Айып мамлекет пайдасына өндүрүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...