Ош шаарында электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Ош шаарында электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Ош электр» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, рейддер уюштурулуп, айрым ишканаларга эскертүү берилүүдө.
«Электр тогун максатсыз колдонуудан алыс болууга чакырабыз. Ашыкча күйүп турган чырактарды керек эмес учурда өчүрүп, үнөмдүү колдонууну колго алууңуздар энергетика тармагы үчүн өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө баарыңыздарга белгилүү болгондой, бир гана Кыргызстанда эмес, коңшу мамлекеттерде да энергетика каатчылыгы болуп жатат.
Мекеме-ишканалардын жетекчилери иш убактысы аяктаган соң, имаратта эч ким калбаган учурда да электр жарыгын жапырт күйгүзүп койгон учурлар катталып жатат. "Ош электр" ишканасынын атайын кызматкерлери тарабынан рейддер жүргүзүлүп, жогоруда аталгандай бир нече факттар аныкталды. Учурда оозеки гана эскертүүлөр берилүүдө», - деп айтылат маалыматта.
Комментарийлер