
10:29, 2021-ж., 11-декабрь
Таксисттердин баары патент менен иштөөгө мажбур. Президенттин жарлыгы

Айылдар жана шаарлар ортосунда жүргүнчүлөрдү ташыган бардык таксисттер каттоого алынат жана аларга лицензия берилет. Бул тууралуу кечээ, 10-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мындай чаралар президенттин «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык ишке ашырылат.
«Соңку 20 жылда таксилер көзөмөлгө алынып келсе да, бардык автовокзалдар базарга, базарлар автовокзалга айланганын көрүп жатабыз», - деди Саркулов.
Анын айтымында, бул маселе биринчи жолу көтөрүлүп жатат жана тиешелүү жол-жобосун иштеп чыгуу керек.
Жол-жобо иштеп чыгуу 2022-жылдын башында башталат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер