• Башкы бет
  • Кара-Суудагы 10 адам каза болгон жол кырсыгына катышкан айдоочу камалды
10:26, 2021-ж., 11-декабрь

Кара-Суудагы 10 адам каза болгон жол кырсыгына катышкан айдоочу камалды

Кара-Суудагы 10 адам каза болгон жол кырсыгына катышкан айдоочу камалды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы 10 адамдын өмүрүн алган жол транспорт кырсыгына катышкан айдоочу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 2021-жылдын 16-ноябрында саат 11:40 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фуркат айылында жол кырсыгы болгондугу боюнча Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Бул маалымат электрондук журналга катталган. Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгып, текшерүү учурунда жол кырсыктын чоо-жайын аныктаган.

«Кырсык Кара-Суу районунун Мады айыл аймагы менен Шарк айыл аймагынын чектешкен жеринде, тактап айканда Бишкек—Ош унаа жолунун 660-чакырымында болгон. Кара-Суу районунун тургуну — 1986-жылы туулган Н.К.нын башкаруусундагы "Мерседес-Бенц", Кара-Кулжа районунун 35 жаштагы тургуну Ж.М.нын башкаруусундагы "Дэу Нексия" унаалары Өзгөн багытын карай бара жаткан. Бул учурда Ош шаарын көздөй келе жаткан "Мерседес-Бенц Спринтер" унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, аталган унаалар менен кагышкан. Кичи автобусту Кара-Суу районунун тургуну — 28 жаштагы Ч.К. башкарып бара жаткан. Ал Ош—Жаңы-Алай багыты боюнча жүргүнчү ташып иштеген. Кырсыктын кесепетинен 7 адам окуя болгон жерде көз жумса, 3 адам ооруканада каза болгон. Дагы 13 адам ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 297-беренесинин (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...