• Башкы бет
  • Ош облусунун башчысынын орун басары Өзгөндөгү базардын айланасын тазалоону тапшырды
16:27, 2021-ж., 9-декабрь

Ош облусунун башчысынын орун басары Өзгөндөгү базардын айланасын тазалоону тапшырды

Ош облусунун башчысынын орун басары Өзгөндөгү базардын айланасын тазалоону тапшырды

Бүгүн, 9-декабрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаникулов Өзгөн шаарына жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Данияр Жаникулов шаардагы рейддин жүрүшүндө «Өзгөн» базарынан, жанындагы Манас көчөсүнүн жээгиндеги коомдук транспорттор, таксилер токтобошу керектигин айтты.

«Маршруткалардын баарын унаа токтоочу жайларга жылдыргыла. Тротуардагы соода-сатыктарды тазалагыла. Мындай болбошу керек. Иреттүү, таза болуп турса, баары көрктүү, көркөм болот. Мыйзам сакталышы керек», - деди Жаникулов.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...