• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик жаңжалында айыпталган 2 тажик жаранына соттун өкүмү чыкты
16:24, 2021-ж., 9-декабрь

Кыргыз-тажик жаңжалында айыпталган 2 тажик жаранына соттун өкүмү чыкты

Кыргыз-тажик жаңжалында айыпталган 2 тажик жаранына соттун өкүмү чыкты

Баткен облустук 6-декабрда 2021-жылдын апрель айында Тажикстандын куралдуу кол салуусуна катышкан тажикстандык 2 жаранга карата болгон өкүмү өзгөрттү. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Айыпталуучулар кимдер?

Абдухолик (аты өзгөртүлдү К.А.) 1980-жылы Тажикстанда туулган. Тажикстандын жараны. Мурда соттолгон эмес. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Убактылуу Лейлек районунун Борбордук айылында жашап жүргөн. 2021-жылдын 23-майынан бери камакта. Ал 2021-жылдын сентябрь айында Лейлек райондук соту тарабынан Жазык кодексинин 42-беренеси (кылмышты аткаруучулук) аркылуу 380-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) боюнча күнөөлүү табылып, 280 миң сом айып салынып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

Юсуфшох (аты өзгөртүлдү Ю.А.) 1986-жылы туулган. Тажикстандын жараны. Мурда соттолгон эмес. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Убактылуу Лейлек районунун Борбордук айылында жашап жүргөн. Ал 2021-жылдын сентябрь айында Лейлек райондук соту тарабынан Жазык кодексинин 42-беренеси (кылмышты аткаруучулук) аркылуу 380-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) боюнча күнөөлүү табылып, 280 миң сом айып салынып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыштын чоо-жайы:

Абдухолик (аты өзгөртүлдү К.А.) 2021-жылдын 29-апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү менен биргеликте Баткен облусунун айылдарына мыйзамсыз кол салууга катышкан. Ал башкалар менен кошо Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кулунду, Бешкент айыл аймактарындагы Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүнө кол салып, Кыргызстандын аймагына Тажикстандын аскердик оор техникаларын алып киришкен. Техникаларды жана куралдарды колдонуп, согуш жүргүзүп, үйлөрдү аткылашып, мамлекеттик административдик жана коммерциялык имараттарды өрттөп, тоношкон. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Сада, Максат, Интернационал, Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук, Арка-1, Арка-2, Жаштык айылдарындагы жана Бешкент айыл аймагынын Эски-Оочу айылындагы калктуу конуштарды мыйзамсыз ээлеп алышкан. Тажикстандын жарандарына курал-жарактарды таратып, аларды согуштук аракеттерге катыштырышкан. Өзү болсо «АК-7.62» үлгүсүндөгү автоматты алып жүргөн. Тажикстандын жарандары топ-топторго бөлүнүп, баткендиктердин үйлөрүн, унааларын өрттөп, талкалап, мародёрлук кылышкан.

Юсуфшох (аты өзгөртүлдү Ю.А.) дагы дал ушундай кылмыштарга айыпталган. Ал дагы тажик жарандарына таратылган «АК-7.62» үлгүсүндөгү автоматтардын бирин алып жүргөн. Борбордук айылында Кыргызстандын жараны М.С.Т. ижарага алып иштетип жаткан «Бостон» дүкөнүн башкалар менен бирге тоноп, өрттөп, ээсине жалпы 8 млн 700 миң сомдук зыян келтиришкен. Буга катар эле үйлөрдү, май куюучу жайларды, башка дүкөндөрдү, тойканаларды, кампа, ашканаларды, мал сарай, мектеп, дарыкана, жеке менчик клиниканы, бала бакчаны, чек ара постторун, талкалап, тоношкон.

Жактоочулардын өтүнүчү:

Абдухолик менен Юсуфшох бул кылмыштары үчүн райондук сот тарабынан өмүр боюу камалышкан. Бирок бул экөөнүн жактоочулары Лейлек райондук сотунун мындай өкүмүнө макул болбой, облустук сотко апелляциялык даттануу беришкен. Жактоочулар аларга карата өкүм өтө оор жана туура эмес чыгарылгандыгын айтышып, экөө тең Тажикстандын жарандары болгону менен Кыргызстандын аймагында жашап жүрүшкөнүн билдиришкен. Алар 2021-жылдын 29-апрелинде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда тажик аскерлери менен алакада болушкан эмес. Аскерлерге кошулуп ок атып, мүлктөрдү тоноого, талкалоого катышкан эмес. Ал тургай курал колдонгонду да билишпейт. Юсуфшох тонолуп бүткөн «Бостон» дүкөнүнөн 1 блок суу алганын, анын ээсин тааныгандыктан ага кыянаттык кылмак эместинин айткан.

Юсуфшохтун жактоочусу анын Жазык кодексинин 42-беренеси (кылмышты аткаруучулук) аркылуу 380-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) боюнча күнөөсү далилденбегенин, райондук сот ишти бир тараптуу карагандыгын айтып, актап берүүнү суранды. Анын мурда соттолбогондугун жана кичинекей 3 баласы, карыган ата-энеси бар экенин белгилеп, Юсуфшохко Жазык кодексинин 391-беренеси (мародерлук) боюнча жеңил жаза берүүнү өтүндү.

Абдухоликтин жактоочусу да аны коюлган айыптар боюнча актап берүүнү суранды.

Прокурор эмне деди?

Прокуратуранын өкүлү айыпталуучулардын күнөөлөрү далилденгенин, андыктан аларга райондук сот тарабынан берилген жазаны күчүндө калтыруу керектигин суранды.

Соттун өкүмү:

Баткен облустук соту 6-декабрда иштин материалдарын карап чыгып, экөөнү тең Кылмыш-жаза кодексинин (2021-жылдагы кодекс) 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) жана 412-беренеси (мародерлук) менен айыптуу деп таап, 20 жылга эркиндигинен ажыратты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...