Сокулукта 16 жаташтагы кызды зортуктады деген жигиттин үй-бүлөсү айылдан чыгып кетти

Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган деген жигиттин ата-энеси айылдан көчүп кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдирди.
6-декабрда Кызыл-Туу айыл аймагындагы Исмаил айылында эл топтолуп, 2004-жылы туулган кызды зордуктоого шектелген тургундун атасын ортого алып, бул үй-бүлөдөн айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан болчу. Ал эми 7-декабрь күнү аксакалдар соту өтүп, анда 3 күндүн ичинде аталган үй-бүлөнү көчүрүү боюнча чечим кабыл алынган.
«Алар ата-бабасы менен ушул айылды жердеп келишкен. Бара турган жайлары жок. Күн-Туу айылына барып, бир батирге чыгышыптыр. Бирок, ал жактан дагы элдер ызылдап жатат деп угуп жатабыз. Бул жактагы үйүн сатыкка коюшат. Үйү өтүп кетсе, анан башка бир жерден үй алышат», - деди алар.
Бул маалыматты айыл өкмөтүнөн дагы тастыктап, аталган үй-бүлө (шектүүнүн ата-энеси, бир тууган иниси, шектүүнүн жубайы, 3 кичинекей баласы) кечээ, 8-декабрда көчүп кеткенин билдиришти.
Комментарийлер