• Башкы бет
  • Таласта мыйзамсыз электр энергиясын иштеткен жаранга акт түзүлдү
16:18, 2021-ж., 9-декабрь

Таласта мыйзамсыз электр энергиясын иштеткен жаранга акт түзүлдү

Таласта мыйзамсыз электр энергиясын иштеткен жаранга акт түзүлдү

Талас шаарында электриктин өзү үйүндө ууру ток менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда «Түндүк электр» ишканасынын Таластагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, ишкананын кызматкерлери үйдү жылытууга техникалык шарттары жок абоненттерге пломба басуу иштерин жүргүзүп, электр энергиясын берилген техникалык шарттан ашыкча колдонгон абоненттерди текшерүүдө. Талас шаарынын Нуржанов көчөсүндөгү №54 көп кабаттуу үйдүн подъездиндеги элетр калканын текшерүүдө батирлердин биринде жашаган абонент электр энергиясын колдонуу эрежесин бузгандыгы аныкталды. Бул абонент электр энергиясын эсептегичти айланып өтүп колдонгону, эсептегичтин көрсөткүчүн бир топ убакыттан бери инспекторго бербей жашырып жүргөнү белгилүү болду. Абонент ЭЭПЭни бузуп пайдаланган 7438 киловатт электр энергияны (1 кВт саатын 2,16 сомдон эсептегенде бул көрсөткүч 16 миң 66.08 сом болот) ушул күнгө чейин жашырып келген. Электр энергиясын колдонуу эрежесин бузуу боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Бул адам «Түндүк электр» ААКтын Таластагы филиалынын кызматкери экени аныкталды. Электриктер бардык абоненттерди энергетик же чиновник деп бөлбөй тегиз текшерип жатат.

Социалдык тармактарда жайылып жаткан абоненттин видеотасмасы чындыкка дал келбейт. «Үйгө жаш баланы түртүп киришти» деген сөздөр жалган. Кызматкерлер үйгө кирген эмес. Анткени эсептегич подъездде жайгашкандыктан электриктердин үйгө кирүү зарылчылыгы жок эле.

Бүгүнкү күнгө чейин 75043 абонент текшерилди. Анын ичинен жылытууга техникалык шарты жок 32205 абоненттин жабдыктарына пломба басылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...