
16:12, 2021-ж., 9-декабрь
Милиция тарабынан зордукталганын айткан келин боюнча тергөө иштери жүрүүдө

Ош шаарында зордукталганын айткан 19 жаштагы кыздын арызы боюнча иш кылмыштын курамы жок болгондуктан өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
- Бүгүн, 8-декабрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын инспектору 19 жаштагы кызды зордуктап, ага үйлөнүүнү убадалагы тууралуу маалымат жарыяланган.
ШИИБдин маалыматы боюнча, 19 жаштагы кыз 2021-жылдын 18-октябрында Ош шаарындагы мейманканалардын биринде саат 22:00 чамаларында 3 жолу күч колдонуп, зордукталгандыгын билдирип, тиешелүү жаза берүүнү суранып, милицияга 2-ноябрь күнү арыз жазган. Арыз Ош шаардык ички иштер башкармалыгында катталып, зордуктоо беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
«Ал эми зордуктаганга шектелип жаткан А.М. октябрь айынын орто ченинде түнкүсүн кызматта жүргөнүндө 102 кызматы аркылуу чакыруу түшүп, "Скай-Бар", аталышындагы түнкү клубга баргандыгын, бул кызды ошол жерден көрүп, милиция бөлүмүнө алып келгендигин жана андан башка тааныштыгы, мамилеси жок экендигин айтып, ага карата коюлуп жаткан айыпка такыр макул эместигин билдирген. Атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 2-ноябрда кыздык белги мурда бузулгандыгын жана соттук-медициналык экспертизага кеч кайрылгандыгына байланыштуу так далилденбей тургандыгын көрсөткөн жыйынтык чыгарылган.
Ошондой эле жабырлануучу катары өтүп жаткан Х.кызы К.га карата соттук психолого-психиатриялык абалын билүү үчүн комиссиялык экспертиза дайындалган. Буга анын көрсөтмөлөрү шек жаратып, буга чейин жабырлануучу катары бир нече ирет Бишкек жана Ош шаарларында ички иштер органдарына негизделбеген арыз жазгандары, анын социалдык түйүндөр аркылуу айткан видео кайрылуулары себеп болгон. Ал өзүн интернет аркылуу милиция кызматкери катары тааныштырып, атайын наамын өтө жогорку чинде айткан учурлары бар. Ошондой эле адегенде өз арызында атын А.К. катары тааныштырган. Кийин ал Х.к.К. экендиги аныкталган.
Жыйынтыгында комиссиялык соттук психолого-психиатриялык экспертиза арыздануучу Х.к.К.нын абалын карап, анын "акыл-эси жайында, бирок өзүнүн кызыкчылыгы үчүн окуяны оюунан чыгарып айта тургандыгы аныкталгандыгы" тууралуу жыйынтык чыгарып берген.
Бул факты боюнча берген бардык көрсөтмөлөрү далилденбегендиктен, кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу жазык сотко чейинки иши өндүрүштөн кыскартылган. Тергөө кызматынын ишине нааразы тарап жогорку инстанцияларга арыз менен кайрылса болот», - деп айтылат маалыматта.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер