• Башкы бет
  • Балдардын органдары уурдалды деген жаран кармалды
16:10, 2021-ж., 9-декабрь

Балдардын органдары уурдалды деген жаран кармалды

Балдардын органдары уурдалды деген жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жалган маалымат тараткан 60 жаштагы аял аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

  • Милиция жарандарды социалдык тармактарда такталбаган жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат.

«Акыркы кезде белгисиз жарандар тарабынан үн менен коштолгон чындыкка дал келбеген маалыматтарды интернет тармактарында жана WhatsАpp мессенджери аркылуу тайпаларга тарата баштаган. Ал маалыматта "Кара-Сууда жаш балдарды уурдап, ички органдарын алып коюп жатышат" деген мазмундагы маалыматтар айтылган. Аталган маалымат боюнча Ош ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө чындыкка дал келбеген, такталбаган маалыматты тараткан жарандын өздүгү аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан ички иштер бөлүмүнө алынып келинди. Ал Кара-Суу шаарынын 60 жаштагы тургуну Т.Э. экени аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө аталган окуя боюнча милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...