11:40, 2021-ж., 8-декабрь
Араванга мигранттар тарабынан 3 автобус алынып берилди

Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнө 3 автобус алынып келди. Бул тууралуу акимдин орун басары Музафар Мамасадиов билдирди.
Анын айтымында, автобустарды чет жакта эмгектенип жүргөн мигранттар сатып берди.
«Ар бир автобустун баасы 2,5 млн сом. Мындан кийин автобустар Алля Анаров айыл өкмөтүндө жашаган калктын аярлуу катмарын, пенсия курагындагы аксакалдарды акысыз ташыйт. Күйүүчү май үчүн каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнөт. Айдоочулардын маянасын миграцияда жүргөн жаштар каржылап турат», - деди ал.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:22
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:17, -ж., 26-май
live comments feed...
Комментарийлер