Арванда эттин баасы жогорулаганына байланыштуу жарандар нааразы болушууда

Кечээ, 7-декабрда Оштогу Араван районунун акими жана тиешелүү кызматкерлер катышкан жыйын өтүп, анда жергиликтүү тургундар көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүн айтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жергиликтүү тургун Гүлчехра Абдирахманова жөлөк пул алуу үчүн документ тапшыруудагы маселелерге токтолду.
«Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлерине жөлөк пул алуу үчүн документ тапшырганы барсаң "ары жакка бар, бери жакка кел" деп жүгүртүшөт. Бири-бирине шылтап, документтин артынан чуркаган сайын акчаң кетет экен. Мыйзамсыз эле акча алышат. Макул, пенсияга чыгып, 3-4 миң сом алсаң, ал көп деле нерсеге жетпейт. Оорусаң дарылардан ашпай калат. Сураныч, ушул документти тууралоодогу көйгөйдү тез арада чечип берсеңиз», - деди Гулчехра Абдирахманова.
раван райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Сулуев баары мыйзам чегинде караларын, эгер кызматкер көрсөтүлгөн акчадан ашыкча акча алса, чара көрүлө тургандыгын айтты.
«Пенсия жана жөлөк пул алуу үчүн атайын мыйзамдар, токтомдор бар. Алар кимдерге тииешелүү? Ал ошол үй-бүлөдөгү жумушка жарамдуу инсандардын тапкан кирешеси, унаасы, бүт бардык мүлктөрү эсептелинип чыгып, андан кийин гана пенсия жана жөлөк пул алуу үчүн көрсөтүлгөн талаптар аткарылса, документ толтурулат. Ал үчүн кошумча акча берилбейт. Атайын мыйзамда көрсөтүлгөн сумма банк аркылуу же кассадан төлөнөт. Эгер бир кызматкер сиздерден ашыкча акча алса, мага келип жолугуп, айтыңыздар. Өзүм чара көрөм», - деди А.Сулуев.
Жыйынга келгендер эттин баасы акыркы бир айда 50 сомго кымбаттаганын белгилешти.
«Буга чейин да эттин 1 килограммы 500 сомго чыгып, кайра 450 сомго түшүрүлгөн эле. Акыркы бир айда кайра эттин баасы 50 сомго көтөрүлүп кетти», - дешти тургундар.
Араван районунун акиминин орун басары Тойчубай Сатыбалдиевдин айтымында, учурда жем-чөптүн баасы кымбат болуп жатканына байланыштуу эттин баасы көтөрүлдү.
«Касапчыларды да туура түшүнөлү. Алар да бизге келип, этти 450 сомдон сатса актабай жатканын айтып жатышат. Баарыңарга белгилүү болгондой, учурда жем-чөптүн баасы кымбат. Эгер биз эттин наркын түшүрө турган болсок, касапчылардын көбү Ошко кетип калышат. Ошто эттин баасы 500 сомдон сатылып жатат», - деп жооп берди Сатыбалдиев.
Комментарийлер