11:37, 2021-ж., 8-декабрь
Облус башчысы жарандардын көйгөйүн укту

Кечээ, 7-декабрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган тургундарды кабыл алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ош облусунун тургундары турак жай, ооруканадагы көйгөйлөр, айылдагы көйгөйлүү маселелер, материалдык жардам, электр энергия көйгөйлөрү, жер жана жер тилке маселелери менен кайрылышты. Облус башчысы жашоочулардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү бөлүм башчыларына маселелерди чечүү тууралуу тапшырма берди.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ар шейшемби күндөрү саат 14:00дө жеке маселелер менен кайрылган жашоочуларды кабыл алат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:22
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:17, -ж., 26-май
live comments feed...
Комментарийлер