• Башкы бет
  • Окуучу бала 12 жаштагы жээнин кантип мууздаганын айтып берди
11:32, 2021-ж., 8-декабрь

Окуучу бала 12 жаштагы жээнин кантип мууздаганын айтып берди

Окуучу бала 12 жаштагы жээнин кантип мууздаганын айтып берди

Ош облусунун Араван районундагы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн баланын окуясынын чоо-жайы сот отурумунда айтылды. Бул кылмыш боюнча Араван райондук соту өкүм чыгарды.

  • Айыпталуучу Аскар (ысымы өзгөртүлдү) 2005-жылы 4-апрелде Араван районунда туулган. Мектеп окуучусу, мурда соттолгон эмес. Ага Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-5-7-9-пункттары (өзгөчө мыкаачылык менен, пайда көздөө максатында, башка кылмышты жашыруу же аны жашоосу жеңилдетүү үчүн киши өлтүрүү) жана 200-берененин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук) боюнча айып тагылган.

Тергөө орагандарынын маалыматы боюнча, Аскар таятасынын үйүндө ири өлчөмдөгү акча бар экенин билип, уурдап алууну көздөгөн. 2021-жылы 25-июнда саат 08:40 чамасында таятасына телефон чалып, анын үйүндө эмес экенин аныктаган соң, такси менен таятасынын үйүнө барган. Андан кийин акча турган бөлмөгө кирип, жыгач сандыктын кулпусун темир ара менен аралап ачып, ал жерден 900 000 сом акча каражатын алып чыгып бара жаткан учурда кошуна бөлмөдөн бир тууган таякесинин уулу — 2009-жылы туулган Адилбай (ысымы өзгөртүлдү) чыгып калган. Айыпталуучу кылмышын жашыруу үчүн Адилбайды алдап, короодогу темир сөрүгө алып барып, үстүнө чыгарып, ал жерде байланып турган узундугу 1 метр болгон зым менен «мен сага зор нерсе көрсөтөм» деп эки колун байлап, ошол жерде турган ашкана бычагы менен 2 жолу мууздап салган. Уурдап алган акчасын алып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, 2021-жылы 25-июнда саат 08:10 чамасында таятасына телефон чалып, каякта экенин билген. Ал жумушта экенин айткан. Таятасынын үйүндө акча бар экенин билген жана аны уурдоону көздөгөн. Саат 08:40 чамасында кайра таятасына телефон чалса, Адилбай алган. Андан алма бак жакка чыгасыңбы деп сураганда «ооба» деп жооп берген. Андан кийин эски кийимдерин желим чакага салып, жолдо кетип бара жаткан унаага түшүп, мечиттеги жол жак менен таятасынын үйүнө барган. Эшик ачык болгондуктан кирип, тандыр тарапта турган темир кескич араны алып, кайра таятасынын бөлмөсүнө кирип, сандыктын кулпусун ара менен кесип ачса, ичинде көк баштыкты, анын ичинде көп суммадагы акчаны көргөн. Ал акчаны алып, желим чакасына салып, сыртка чыгып бара жатса экинчи башка бөлмөдөн Адилбай чыгып калган. Аны менен саламдашып, аны алаксытыш үчүн курсагым ачты, чай ичели деп айтып, экөө короодогу сөрүгө чыгышкан. Ал Адилбайга бир нерсе көрсөтөм деп зым менен колун байлап, жерде турган жыгач саптуу бычакты колуна алып, сол колу менен анын чачынан кармап бычакты моюнуна тартып, мууздап салган. Ал анын акча уурдаганын көрүп калгандыктан атасына айтып койбосун деп өлтүрүп салган.

Андан кийин кан болгон футболкасын чечип, дааратканага таштап, эски футболкасын кийип, акча салынган чакасын алып, такси аркылуу бакка барган. Ал жактан чөптүн арасына уурдалган акчаны катып, кайра таятасы жүргөн бакка барып, таятасына Адилбайды ооруканага алып кетишкенин айткан. Таятасы менен ооруканага чогуу барып, жасаган кылмышын эч кимге айткан эмес. Уурдалган акчалардын ичинен 30000 сомдун 26000 сомун карызы үчүн берип, калган 4000 сомун өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон. Ал эми 800 000 сомду катып коюп, кийин кылмышы билинип калганда милиция кызматкерлерине акча катылган жерди көрсөтүп берген. Ал жабырлануучунун ата-энесинен кечирим сурап, жеңил жаза берүүнү өтүндү.

Сот отурумунда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү, маркумдун атасы — айыпталуучунун таякеси көрсөтмө берди. Анын айтымында, үй-бүлөсү менен 1996-жылдан бери Бишкекте иштеп, каза болгон уулу Адилбайга үй куруу үчүн акча чогултуп жатышкан. Чогулган акчасы 900 000 сомго жетип калган. Акчаны апасына жөнөтүп турушкан. Ошондуктан бул туурасында бардык туугандары, анын ичинде айыпталуучу дагы жакшы билген. Окуя болгон учурда Бишкекте болчу.

«Бул ишти жырткыч дагы жасабайт. Аскар буга чейин таятасынын үйүнөн тамак жеп, келип-кетип жүргөн. Ушул ишке кантип колу барганы бизге түшүнүксүз болуп жатат. Бул кылмышты жалгыз жасабаса керек. Кылмышты ким кылганын милициялар издеп таппай жатышканда дагы Аскар эч нерсе болбогондой 2 күн биздин үйдө жүргөн. Учурда аялым, ата-энем болуп, оор абалда күн өткөрүп жатабыз. Үйдүн ичи бизге мазар болуп, төртөөбүз төрт бурчта үңкүйүп отурабыз, азыркы оор абалды түшүндүрүп бере албайм», - деди ал.

Ошондой эле ал Аскар камакта жатып алып, колуна «убийца» деп татуировка жаздырып алганын, бул аракети менен ого бетер аларды мазактап жатканын айтып, айыпталуучуга эң оор жаза берүүнү жана кылмыштан келтирилген материалдык 54500 сомду, уулунун тажиясына кеткен 98112 сомду жана моралдык зыян үчүн 5000000 сомду айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлүнөн өндүрүп берүүнү суранды.

Сот отурумуна маркум баланын чоң атасы — айыпталуучунун таятасы да чакырылды. Анын көрсөтмөсү боюнча, 2021-жылы 25-июнда саат 8:00 чамасында Аскар ага телефон чалып, анын кайда экенин сураганда, ал бактамын деп айткан. Саат 9:30дар чамасында Аскар бакка анын жанына келген. Ошол учурда кайниси телефон чалып, Адилбай ооруканага түшкөнүн айткан. Аскар алар менен чогуу ооруканага барган. Ал жерден Адилбайды кой сойгондой эле союп койгонун көргөн. Андан кийин дарыгерлер небереси өлүкканага жеткирилгенин айтышкан. Жээн неберси буга чейин алардын үйүнө келип жүргөн, үйдө акча бар экенин билчү. Анткени Адилбайга үй курабыз деп анын ата-энеси Бишкектен тынбай акча салып жүрүшкөн. Ал акчаны чогултуп жүргөн. Бирок жээн небереси мындай мыкаачылык кылмышты жасаганына азыр дагы ишенбей, өзүнө келе албай жатат.

Сот отурумунда маркумдун жансыз денесин биринчи болуп көргөн күбө көрсөтмө берди. Анын айтымында, каза болгон Адилбай анын телефон кубаттагычын бир күн мурун сурап кеткен. 25-июнда саат 10.00 чамасында жездесинин (айыпталуучунун таятасы) үйүнө барып, короого кирип, Адилбайдын жатканын көргөн. Анын колдору арткы тарабына зым менен кошулуп байланып, моюну кесилип, жанында кан болгон бычак, жерде сынган чыны жатканын көрүп, коркуп сыртка чуркап чыгып, үйүнө барып, аялына айткан. Кайра көчөгө чыкса кошуна жеңеси көчө шыпырганы чыгып калып, ага дагы окуяны айтып, андан кийин аялдар чогулуп, кыйкырып ыйлашкан. Алар Адилбайды төшөк менен кошо көтөрүп, унаага салып, ооруканага алып барышкан. Бирок дарыгерлер кеч болуп калганын, денени өлүкканага алып баруу керектигин айтышкан. Бул кылмышты Аскар жасаганын милиция кызматкерлеринен уккан.

Сот отурумуна таксист да чакырылды. Ал 25-июнда Аскарды алма бакка жеткирген. Аскар жол акысы катары ага 200 сом берген. Анын айтымында, айыпталуучунун жанында желим чакасы болгон. Бир нече убакыт өткөндөн кийин Аскар жолго чуркап чыгып, жээни жерге жатып калганын айтып, ооруканага жеткирип коюуну суранган. Анын жанында таятасы жана дагы бир адам бар болчу.

Сотто мыйзамдуу өкүл катары айыпталуучунун атасы суралды. Анын айтымында, 25-июнда саат 06:00 чамасында туруп, талаага сугатты караганы чыгып кетип, кайра келип, аялы менен кызы гилас тергени кетишкен. Биринчи өзүнүн багына барып, кайра аялы иштеп жаткан бакка барса аялы үйгө кеткенин уккан. Ал да үйүнө келип Адилбай жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн уккан. Ошол замат аялы экөө ооруканага барышкан. Уулу эмне үчүн мындай кылмышты жасаганын түшүнбөй жатканын айтты. Ал учурда баласы кыйналып, ага тамак алып барышса киргиздирбей жатканын айтып, уурдалган акчалар кайтарылып берилгендигин эске алып, ага жеңил жаза берүүнү суранды.

Жыйынтыгында айыпталуучу Жазык кодексинин 200-беренесинин 3-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 300 эсептик көрсөткүчтө айып салуу менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ал Жазык кодексинин 130-беренсинин 2-бөлүгүнүн 3-5-7-9-пункттары менен күнөөлүү деп табылып, 600 эсептик көрсөткүчтө айып пул салуу менен 10 жылга эркиндигинен ажыратылды. Белгиленген кошумча жазалар толук бириктирилип,биротоло 900 эсептик көрсөткүчтө айып салуу менен 12 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Жазасын өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 28-июнунан баштап эсептелет. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлүнүн эсебинен жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына 152 612 сом материалдык зыян жана 100 миң сом моралдык зыян үчүн өндүрүү чечими чыкты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...