• Башкы бет
  • БШКнын мүчөсү жумутан кетүү боюнча арыз жазды
11:27, 2021-ж., 8-декабрь

БШКнын мүчөсү жумутан кетүү боюнча арыз жазды

БШКнын мүчөсү жумутан кетүү боюнча арыз жазды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов отставкага кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салайдин Айдаров билдирди.

Анын айтымында, фракциянын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин чечими бар.

Айдаров Эшимовдун арызын карап, ээлеген кызматынан бошотууну суранды.

Парламент спикеринин милдетин аткарып жаткан Аида Касымалиева билдиргендей, Эшимовду кызматтан алуу менен бирге «Кыргызстан» фракциясы анын ордуна башка талапкерди сунуштап жатат.

Эшимов алдамчылыкка айыпталып, УКМК тарабынан 11-сентябрда кармалган болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...