• Башкы бет
  • Жогорку Кеңештин комиссиясы Башкы прокуратурасынын сунушун канааттандырган жок
11:25, 2021-ж., 8-декабрь

Жогорку Кеңештин комиссиясы Башкы прокуратурасынын сунушун канааттандырган жок

Жогорку Кеңештин комиссиясы Башкы прокуратурасынын сунушун канааттандырган жок

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровжана Бакытбек Жетигеновдукол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча комиссия чечим чыгарды.

Алар үч кесиптешин кол тийбестиктен ажыраткан жок. Чечим Конституциянын 78-беренесинин негизинде кабыл алынды, анда мындай деп айтылат:

1.Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...