
10:16, 2021-ж., 7-декабрь
Ош облусундагы рейдден кийин 6 кызматкер кызматтан алынды

Араван районундагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу №65 кесиптик лицейдин жетекчиси жана 7 кызматкери бир учурда ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаникулов 18-ноябрда Төө-Моюн айыл өкмөтүндө текшерүү ишин жүргүзгөн. Жыйынтыгында аталган кесиптик лицейде бир топ кемчиликтер аныкталган. 8 кызматкердин бир учурда жумуштан четтетилишине окуу жайдагы эрежелердин аткарылбагандыгы себеп болгон.
«№65 кесиптик лицейде билим берүүдөгү сапаттын жоктугу, окуу имаратынын талапка жооп бербегендиги, окуу жайдын кароосуз калгандыгы, андагы окуу бөлмөлөрдүн, жатаканалдардын муздактыгы, алынып келген көмүр, тамак-аш даярдоо боюнча бир топ кемчиликтер аныкталган. Анын натыйжасында билим берүү министринин буйругу менен ошол окуу жайдын директору жумушунан бошотулду. Андан сырткары окуу жайдын директорунун орун басары, билим берүү тармагына, чарба тармагына жооптуу кызматкерлерден жетөө кызматтан алынды», - деп айтылат маалыматта.
Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү М.Кадыров орто мектебинде да рейд өткөрүлгөн. Жыйынтыгында директорго Араван райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан сөгүш жарыяланды.
Текшерүүлөрдөн кийин облустагы 6 жетекчи, 7 кызматкер жумуштан четтетилди.
Алар:
- Араван райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Мырзабек Акматалиев;
- Ноокат районун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Жусупжан Сейитбеков;
- Араван аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Усманжан Мамажанов;
- Ош облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгер Гүлбара Кенжебаева;
- Аравандагы №65 кесиптик лицейдин директору жана жети кызматкери;
- Санитардык-карантиндик посттордун түштүк аймагы боюнча башчысы.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер