10:11, 2021-ж., 7-декабрь
Садыр Жапаров премьер-министр боулп турганда канча киреше тапкан?

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жана алардын туугандарынын кирешеси менен чыгашасы тууралуу декларация жарыялады.
Садыр Жапаров премьер-министр болуп 2020-жылдын 14-октябрында дайындалган. Президенттик шайлоого катышканына байланыштуу 14-ноябрда ыйгарым укуктарын токтоткон болчу. 2021-жылдын 21-январындагы шайлоодо жеңишке жетишип, премьер-министр кызматын тапшырган.
С.Жапаров премьер-министр болуп тургандагы кирешеси 247 миң 953 сомго жеткен.
Ал ээлик кылган 6 гектар жер бар. Ал эми жакын туугандарында 2 үй (50,7 кв.м жана 389 кв.м), гараж (17,2 кв.м), ошондой эле «Үмүт булагы» коомдук фонду бар.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:24
Кечээ
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер