• Башкы бет
  • Кара-Суудагы кырсыктан улам 4 адам каза болуп, 2 адам жабыркады
10:09, 2021-ж., 7-декабрь

Кара-Суудагы кырсыктан улам 4 адам каза болуп, 2 адам жабыркады

Кара-Суудагы кырсыктан улам 4 адам каза болуп, 2 адам жабыркады

Ош облусунун Кара-Суу районундагы жол кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 2 адам жабыркады. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, жол кырсык 4-декабрда саат 01:00 чамасында Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун 15-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылында болгон. Алай районунун тургуну — 1990- жылы туулган А.А.нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен Алай районунун 1967-жылы туулган тургуну Э.С.нын башкаруусундагы «Хонда-СР» үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

«Кырсыктын кесепетинен "Хонда-СР" унаасынын айдоочучу Э.С., жүргүнчүлөрү — 1966- жылы туулган Э.А., 1960- жылы туулган Д.С., 1974- жылы туулган Э.Г. окуя болгон жерде көз жумду. Ал эми Алай районунун тургуну — 1972- жылы туулган А.Н. жана "Мерседес-Бенц" унаасынын айдоочучу А.А. жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...