• Башкы бет
  • “Талибан” мурдагы күч кызматкерлери боюнча айыптоону четке какты
10:52, 2021-ж., 6-декабрь

“Талибан” мурдагы күч кызматкерлери боюнча айыптоону четке какты

“Талибан” мурдагы күч кызматкерлери боюнча айыптоону четке какты

“Талибан” баштаган ооган өкмөтү Батыштын Ооганстандын мурдагы күч кызматкерлерин жок кылуу тууралуу айыптоолорун четке какты. 5-декабрда талибдердин Ички иштер министрлиги АКШ, Европа Биримдиги жана дагы 20 өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүн негизсиз деп атап, Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун айыптоолорун да четке кагарын билдирди.

Мекеменин расмий өкүлү Кари Сайед Хости видеокайрылуусунда “Бул айыптоолордун далили жок” деди.

30-ноябрда HRW талибдер августтун ортосунда бийликти басып алгандан бери Ооганстандын төрт аймагында эле күч түзүмдөрүнүн жүздөн ашуун мурдагы кызматкери өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгонун билдирген. Кийин бир катар өлкөлөр да ушундай айыптоо менен чыгышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...