• Башкы бет
  • Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин шайлоосунун натыйжасы белгилүү болду
10:50, 2021-ж., 6-декабрь

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин шайлоосунун натыйжасы белгилүү болду

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин шайлоосунун натыйжасы белгилүү болду

28-ноябрда парламенттик шайлоо күнү Кыргызстандын айрым жергиликтүү кеңештерине да шайлоо өткөн. БШКнын 5-декабрдагы маалыматы боюнча, Ошто Кара-Суу шаардык кеңешине ат салышкан эки партия тең жети пайыздык чектен өтө алды. Натыйжада 31 мандаттын 20сы «Биздин Кыргызстан», 11и «Эл үмүтү» партияларына тийди.

Ал эми Жалал-Абадда Кербен шаардык кеңешине сегиз партия ат салышты, жети пайыздык чектен алардын бешөө өтө алды. Натыйжада 31 мандаттын тогузу «Ата-Журт Кыргызстан», жетөө «Ынтымак», алтоо «Ишеним», дагы алтоо «Бүтүн Кыргызстан» жана үчөө «Өнүгүү-Прогресс» партияларына тийди.

Ушул эле күнү Жалал-Абадда Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылында жана Чаткал районунун Терек-Сай айылында айыл кеңештерине депутат шайлоо өттү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...