• Башкы бет
  • Сауд Арабия кичи ажылык сапарга баруучуларды үчүн эрежелерди өзгөрттү
10:44, 2021-ж., 6-декабрь

Сауд Арабия кичи ажылык сапарга баруучуларды үчүн эрежелерди өзгөрттү

Сауд Арабия кичи ажылык сапарга баруучуларды үчүн эрежелерди өзгөрттү

Cауд Арабиясы кичи ажылык (умра) сапарга баруучулар үчүн эрежелерди өзгөрттү. Бул коронавирус пандемиясынын жаңы түрүнө («Омикрон») байланыштуу.

«Аль-Жазира» жарыялаган маалымат боюнча, умрага баруучулар каролдук тарабынан жактырылган вакцина менен толук эмдөөдөн өтүшү керек. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жактырып, бирок каролдук түзгөн тизмеге кирбеген вакцина менен эмделген жарандарга талаптар бар. Тактап айтканда, 3 күндүк карантин жана обочолонуудан 48 сааттан кийин ПЧР тест аркылуу текшерүүдөн өтүшү керек.

Сауд Арабиясынын бийлиги кичи ажылык сапар үчүн 18 жаштан өткөн жарандарга гана уруксат берет. Мурда 10 күн гана убакыт берилсе, азыр 30 күнгө узарган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...