• Башкы бет
  • Кочкордо жол кырсыгынан улам 2 адамдын өмүрү кыйылды
10:42, 2021-ж., 6-декабрь

Кочкордо жол кырсыгынан улам 2 адамдын өмүрү кыйылды

Кочкордо жол кырсыгынан улам 2 адамдын өмүрү кыйылды

5-декабрдан 6-декабрга караган түнү Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы унаа кырсыктан 2 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, «БМВ» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 1 эркек, 1 аял киши каза болгон. Учурда аты-жөндөрү такталууда. Куткаруучулар эркек кишинин жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал жерге 4 куткаруучу, милиционерлер жана тез жардам кызматы тартылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...