19:26, 2021-ж., 4-декабрь
Кара-Суунун 73 жаштагы тургуну жол кырсыгынан улам каза болду
Бишкек—Ош унаа жолунун 654-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылындагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен эркек адам каза болду. Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, кырсык 1-декабрда саат 17:30 чамасында болгон. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну К.уулу А.нын башкаруусундагы жүк ташыган унаа Бишкектен Ош шаарын көздөй келе жатып, Кара-Суу районунун тургуну — 1948-жылы туулган С.Т.ны сүзүп кеткен.
«Айдоочу С.Т.ны жолдо өтүп бара жаткан унааларга салып, ооруканага жеткирген. Ал алган жаракатынан улам Кыргыз-Чек айылындагы ооруканада каза болгон. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп, айдоочу сурак берүүдө. Айдоочунун унаасы айып короого киргизилди», - деп айтылат маалыматта.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:08
-ж., 29-февраль
14:04
-ж., 29-февраль
14:02
-ж., 29-февраль
14:01
-ж., 29-февраль
13:59
-ж., 29-февраль
13:55
-ж., 29-февраль
13:52
-ж., 29-февраль
13:49
-ж., 29-февраль
live comments feed...
Комментарийлер