• Башкы бет
  • Ошто жол боюнда соода кылган жарандарга эскертүү берилди
19:24, 2021-ж., 4-декабрь

Ошто жол боюнда соода кылган жарандарга эскертүү берилди

Ошто жол боюнда соода кылган жарандарга эскертүү берилди

Ош шаарында унаа жолдордун боюнда мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн жарандарга эскертүү берилди. Бул тууралуу ШИИБдин кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, шаар аймагында күйүүчү май, көмүр, азык-түлүк жана курулуш материалдарын унаа жолдордун боюна чыгарып, соода-сатык жүргүзүп, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурган жана жол кыймылына тоскоолуктарды жараткан көрүнүштөр көп болууда.

«Буга байланыштуу коопсуз жол кыймылын жөнгө салуу максатында 19-ноябрдан баштап 3-декабрга чейин кайгуул кызмат бөлүмүнүн жол көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында "Көчө соода-сатыгы" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар аймагындагы унаа жолдорго, көчөлөргө изилдөө жүргүзүлүп, жол боюнда соода-сатык менен алектенген соодагерлердин ишинин мыйзамдуулугу каралып, тийиштүү документтери текшерилди. Өзгөчө Курманжан датка жана Мамыров көчөлөрүндө тротуар жана унаа жолдорго чейин буюмдарын чыгарып, соодо жүргүзгөн 28 адамга эскертүү баракчалары берилди», - деп айтылат маалыматта

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...