Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.
Бүгүн, 3-декабрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 50 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
- Бишкек шаарында– 24;
- Чүй облусунда– 9;
- Баткен облусунда– 6;
- Ош облусунда– 5;
- Жалал-Абад облусунда– 3;
- Талас облусунда– 2;
- Нарын облусунда– 1;
- Ош шаарында– катталган жок;
- Ысык-Көл облусунда– катталган жок.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 183510 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 3 бейтап көз жумду.
Комментарийлер