19:35, 2021-ж., 2-декабрь

Араванда социалдык дүкөн ачылды

Араванда социалдык дүкөн ачылды

Бүгүн, 2-декабрда Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндө социалдык дүкөн ачылды. Аталган дүкөндөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөр акысыз азык-түлүк ала алышат.

Араван районунун администрациясынын аппарат башчысы Хамракул Жаныкуловдун айтымында, социалдык дүкөн жеке ишкерлер менен колунда бар тургундардын демөөрчүлүгүнүн астында ачылды.

«Мындай дүкөндөрдү райондун борборунан баштадык. Эми калган айыл өкмөттөрдүн базаларында дагы уюштурулуп, социалдык дүкөндөр курулат. Учурда аталган дүкөндө картошка, сабиз, пияз, өсүмдүк майы, ун, макарондүн түрү, күрүч жана башка азык-түлүктөр берилүүдө. Айыл өкмөттүн каттоосунда турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам бергиси келген колунда бар үй-бүлөлөр ушул дүкөнгө алып келип берсе болот. Бул аткарылып жаткан иш райондо жакырчылыктын санын кыскартуу максатында уюштурулуп жатат. Эми райондун ар бир айыл өкмөтүндө курулат. Ошондо айыл өкмөттүн каттоосунда турган аз камсыз болгон үй-бүлө өзүнүн айыл өкмөтүндөгү социалдык дүкөндөн керектүү азык-түлүктөрүн ала алышат», - деди Хамракул Жаныкулов.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...