• Башкы бет
  • Ош шаарында 3 жетекчиге эскертүү берилди
19:33, 2021-ж., 2-декабрь

Ош шаарында 3 жетекчиге эскертүү берилди

Ош шаарында 3 жетекчиге эскертүү берилди

Ош шаарында 3 жетекчиге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар жазаны кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле жасабагандыгы, документтер менен иштөөнү уюштуруу, көзөмөлгө алуу жана аткаруу маселелерине кош көңүл карагандыгы үчүн алды.

Тартиптик жаза алган жетекчилер:

- Ош шаарынын муниципалдык турак жай коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Эркин Аралиевге эскертүү;

- Ош шаарынын мэриясынын «Борбордук базар дирекциясы» муниципалдык ишканасынын башчысы Нияз Исмаиловго эскертүү;

- Ош шаардык «Жолдор» муниципалдык ишканасынын башчысы Арзыбек Жунусовго сөгүш берилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...