• Башкы бет
  • Бишкекте көркөм муз тебүү боюнча "Мэрдин кубогу" өтөт
10:10, 2021-ж., 1-декабрь

Бишкекте көркөм муз тебүү боюнча "Мэрдин кубогу" өтөт

Бишкекте көркөм муз тебүү боюнча "Мэрдин кубогу" өтөт

1-декабрдан 3-декабрга чейин Бишкекте балдар, жаштар жана чоңдор арасында көркөм муз тебүү боюнча “Мэрдин кубогу” өтөт.

Шаардык муз тебүү аянтчасындагы эл аралык турнирге Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан 90дон ашык спортчу катышарын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аны шаардык администрациянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы Кыргызстандын Коньки тебүү федерациясы менен бирге уюштурууда.

Ал эми 4-5-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда будо - каратэ боюнча шаардык ачык чемпионаты уюштурулат. Ага 10 команда, 160ка жакын спортчу катышып, мыкты команда наамы үчүн ат салышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...