• Башкы бет
  • Кыргызстанда ВИЧ жуктуруп алгандардын саны 11 миңге жетти
10:08, 2021-ж., 1-декабрь

Кыргызстанда ВИЧ жуктуруп алгандардын саны 11 миңге жетти

Кыргызстанда ВИЧ жуктуруп алгандардын саны 11 миңге жетти

Кыргызстанда ВИЧ жуктуруп алгандардын расмий эсеби 11 миңден ашты. Алардын 10 400гө жакыны кыргызстандыктар, калганы чет элдиктер.

Оору аныкталгандардын 63% эркек, 37% аялдар экенин Республикалык СПИД бирикмеси кабарлады.

11 миңден ашуун адамдын 36% маңзатты ийне менен сайынуудан улам, 48,5% жыныстык катнаш аркылуу жугузган.

Расмий маалыматка таянсак, өлкөдө ушул тапта ВИЧ илдетине чалдыккан 1817 кош бойлуу келин бар. Акыркы үч жылда ВИЧ инфекциялуу 1500 аял көз жарган. Бир жарым жашка чейинки 400гө жакын бала дарыгерлердин каттоосунда турат.

ВИЧтин акыркы стадиясы - СПИД. Бул оорудан Кыргызстанда ушул күнгө чейин 2500ге жакын адам каза тапкан.

1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...