10:06, 2021-ж., 1-декабрь
Ош шаарынын мэри жарандардын арызын укту

Кечээ, 30-ноябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаар тургундарын кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту. Калаа башчынын жеке кабыл алуусунда болгон жарандардын басымдуу бөлүгү турак-жай, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга камкордук, муктаждарга материалдык жардам, талаштуу жер тилкелеринин айланасындагы маселелер менен кайрылышты.
Мэр ар бир арыз менен кенен таанышып, жарандардын суроолоруна жооп берилди. Вице-мэрлерге, тийиштүү тармактардын жетекчилерине тапшырмаларды берди. Ошондой эле мында көтөрүлгөн ар бир иш жеке көзөмөлүндө болоорун кошумчалады.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
13:23
Кечээ
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер