• Башкы бет
  • Араванда адам өлтүрүүгө шектүүүлөр кармалды
10:03, 2021-ж., 1-декабрь

Араванда адам өлтүрүүгө шектүүүлөр кармалды

Араванда адам өлтүрүүгө шектүүүлөр кармалды

Ош облусунун Араван районунда адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Араван РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган райондун дайынсыз жоголгон тургуну — 1969-жылы туулган Ю.К. киши колдуу болгону аныкталып, кылмыштын бети ачылды. Кечээ, 29-ноябрда ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө Араван районунун тургундары — 34 жаштагы А.Б., 28 жаштагы Ш.О. жана 27 жаштагы Р.Ф. бул кылмышка шектүү катары кармалып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө башталган.

«Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинде (киши өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери менен катталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кылмышка маркум менен шектүүлөрдүн ортосундагы аласа-бересе, талаш себеп болгон. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмышка катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча да ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Буга чейин 2021-жылдын 27-ноябрында маркумдун 22 жаштагы уулу Ю.Ж. Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу атасы 20-ноябрь күнү Россия Федерациясына барам деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирип, арыз менен кайрылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...