Президенттин үйү аукционго коюлду

«Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» акционердик коому Бишкек шаарынын Худайбергенов көчөсүндөгү №81-а дарегинде жайгашкан турак үйдү ачык аукцион аркылуу сатыкка койду.
Аукцион 1 лоттон турат. Ага катышуу үчүн кепилдик мүчөлүк акы катары 350 миң сом төгүп, билдирүү калтыруу зарыл. Аукцион 2021-жылдын 24-декабрында саат 11:00дө башталат.
Объекттин баштапкы баасы — 33 млн 700 миң сом (болжол менен 397 миң доллар).
Бул үйдү президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү 30-сентябрда кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын балансына өткөрүп берген.
Садыр Жапаров турак жайдын документтерин жеке өзү тапшырып, «МИК» ААК башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага аталган кыймылсыз мүлктү көрсөтүп берди. Президенттин айтымында, бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы эле сатып алышкан. Кийинчерээк, 2010-жылдары башка жакка көчүп кетип, үй ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген.
Мамлекет башчысы бул иш-чаранын максаты — жеке турак жай рыногун жакшыртуу, муну менен «МИК» ААКка «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоого жардам берүү. Садыр Жапаров жаңы ипотекалык программа ишке киргенин, анын аркасында бюджеттик тармактын кызматкерлерине даяр турак жайды сатып алууга насыя жылына 4% чен менен берилерин айткан.
Комментарийлер