• Башкы бет
  • Ош шаарынын мэриясы 2021-жылдын мыктыларын тандайт!
14:04, 2021-ж., 30-ноябрь

Ош шаарынын мэриясы 2021-жылдын мыктыларын тандайт!

Ош шаарынын мэриясы 2021-жылдын мыктыларын тандайт!

Жыл мыктыларын аныктоо төмөндөгү номинациялар менен аныкталат.

1. “2021-жылдын мыкты жаш журналисти”

2. “2021-жылдын мыкты жаш спортчу мырзасы”

3. “2021-жылдын мыкты жаш спортчу айымы”

4. “2021-жылдын мыкты жаш ишкери”

5. “2021-жылдын мыкты студенти”

6. “2021-жылдын мыкты куруучусу”

7. “2021-жылдын мыкты жаш жетекчиси”

8. “2021-жылдын мыкты жаш акыны”

9. “2021-жылдын мыкты жаш дарыгери”

10.“ 2021-жылдын мыкты жаш блогери”

11. “2021-жылдын мыкты жаш мугалими”

12. “2021-жылдын мыкты жаш ырчы мырзасы”

13. “2021-жылдын мыкты жаш ырчы айымы”

14. “2021-жылдын мыкты жаш мамлекеттик кызматкери”

15. “2021-жылдын мыкты студиясы”

16. “2021- жылдын мыкты жаш тамашоу оюнчусу”

Жыл мыктыларын аныктоо төмөндөгү критерийлер менен аныкталат:

Жыл мыктыларын аныктоо Ош шаарынын мэриясынын социалдык баракчасынан жарыяланып, андагы сунушталган талапкерлер эске алынып, (комментарий аркылуу сунушталган талапкерлер) эң көп сунушталган талапкердин документтери комиссия тарабынан кароодон өткөрүлөт;

Мында ар бир талапкер өзүнүн 2021-жыл ичиндеги конкреттүү жасаган эмгеги жана ийгиликтери менен бааланат, мурунку жылдардагы жасаган эмгеги бааланбайт;

Катышуучу талапкерлердин 2021-жыл ичи аткарган жумушунун жыйынтыгында алган сыйлыктары (Ардак грамота, төш белги ж.б) ырастуулугу комиссия тарабынан кароодон өткөрүлөт;

Жыл мыктыларына катышуучу талапкердин жашы 20дан 35 жашка чейин болуусу абзел;

Эскертүү!

1 номинацияга 1 гана талапкер ээ боло алат;

Мурунку жылдарда “Жыл мыктысы” номинациясын алган катышуучу кайрадан Жыл мыктысы боло албайт.

“Жыл мыктылары 2021” номинациясын тандоонун максаты:

Мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү;

Жаштарды Ата Мекенди сүйүүгө жана кызмат кылууга чакыруу;

Жаштар арасында ынтымакты, достукту бекемдөө;

Шаар бийлиги менен жаштардын ортосундагы ишенимди бекемдөө;

Жаштардын маданий-эстетикалык жашоосун камсыз кылуу.

Анда "2021-жылдын мыктысын" сунуштоону баштадык!!!

Комментарийге аты-жөнүн, кайсы номинацияга сунуштап жатканыңызды кошуп жазыңыз.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...