14:00, 2021-ж., 30-ноябрь
Декабрь айында аба ырайы кандай болот?
Кыргызгидромет 2021-жылдын декабрь айына карата Кыргызстандын аймактарында күтүлгөн аба ырайы боюнча маалымат берди.
Абанын айлык орточо температурасы жана айлык жаан-чачын нормага жакын болушу күтүлөт.
- Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, тоо этектеринде -1...-3 градус суук, Кемин өрөөнүндө -4...-6 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы өзгөрүлүп турат: түнкүсүн -3 градустан +2 градуска чейин жылуу, -5...-10° чейин үшүк, күндүз -2...+3 градустан 7...+12 градуска чейин өзгөрүлүшү күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -11...-16°, күндүз -3...-8° суук болушу мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3...-8° суук, күндүз -4...+1 градустан +2...+7 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -12...-17 градуска чейин төмөндөп, күндүз -4...-9 градуска чейин суук болушу мүмкүн.
- Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -2...-4° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4...+1 градустан -6...-11 градуска чейин суук, күндүз -3...+2 градустан +6...+11 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -13...-18 градуска чейин төмөндөп, күндүз -4...-9 градуска чейин суук болот.
- Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, 0…2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1...-4 градустан -3...- 8 градуска чейин суук, күндүз 0...5 градустан +7...+12 градуска чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.
Ай ичинде тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3...2 градустан -4...-9 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү -10...-15° суук, күндүз -4...+1 градустан +5...10 градуска чейин жылуу болот.
- Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, 0…2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3...-8 градус сууктан -1...+4 градуска чейин жылуу, күндүз 0...+5 градустан +7...+12 градуска чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.
Ай ичинде тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3...+2 градустан -4...-9° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү -10...-15° суук, күндүз -4...+1 градустан +5...+10 градуска чейин жылуу.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы -3...+2 градустан -5...-10 градуска чейин, күндүз 0...-5 градустан +2...+7 градуска чейин өзгөрүлүшү мүмкүн.
- Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3...-8 градустан -1...+4 градуска чейин жылыйт, күндүз 0...-5 градустан +7...+12 градуска чейин өзгөрүлүшү мүмкүн.
Ай ичинде тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3...+2 градустан -4...-9 градуска чейин өзгөрүлөт. Кээ бир түндөрү -10...-15° суук, күндүз -4...+1 градустан +5...+10 градуска чейин жогорулайт.
- Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, 0...-2°, чыгышында -3...-5° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1...-6 градустан -7...-12 градуска чейин суук, күндүз абанын температурасы 3...8° жылуу болушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын күндүзгү температурасы 0...-5 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
- Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, -10...-12°, Кочкор районунда -7...-9° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5...-10 градустан -14...-19 градуска чейин суук болсо, күндүз -2...+3 градустан -4...-9 градуска чейин өзгөрүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -20...-25°, күндүз -11...-16° суук болушу мүмкүн.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:08
-ж., 29-февраль
14:04
-ж., 29-февраль
14:02
-ж., 29-февраль
14:01
-ж., 29-февраль
13:59
-ж., 29-февраль
13:55
-ж., 29-февраль
13:52
-ж., 29-февраль
13:49
-ж., 29-февраль
live comments feed...
Комментарийлер