• Башкы бет
  • Өзгөндө шалаакылыкка шектелген жаранга соттун өкүмү чыкты
13:56, 2021-ж., 30-ноябрь

Өзгөндө шалаакылыкка шектелген жаранга соттун өкүмү чыкты

Өзгөндө шалаакылыкка шектелген жаранга соттун өкүмү чыкты

Ош облусунун Өзгөн райондук соту Жазык кодексинин 331-беренесинин (шалаакылык) 2-бөлүмүнүн негизинде айыпталган Эдилдин (ысымы өзгөртүлдү) иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

  • Айыпталуучу 1988-жылы 19-июлда Өзгөн районунда туулган, билими орто. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы, мурда соттолгон эмес.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Эдил Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүндө нөөмөтчүнүн жардамчысы болуп иштеп жатканда 2019-жылы 23-августта кызматтык милдеттери боюнча ыйгарылган милдеттерин так жана туура аткарбай, адамдын өлүмүнө алып келген окуяга себеп болгон.

2020-жылы 22-февралда саат 02:00 чамасында Сабырбек (ысымы өзгөртүлдү) Өзгөн районунун Кароол айылында мас абалдагы апасы — 1973-жылы туулган Бактыгүлдү (ысымы өзгөртүлдү) ур-токмокко алган. Апасы алсыз абалда көчөдө жатып калганына, аба ырайы суук экенине карабай, жашоочулардан жардам сурабай, апасын ошол жерге таштап, өзү Ош шаарына кетип калган. Ал эми апасы суукка тоңуп каза болуп калган.

Ошол эле күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну Нурбек (ысымы өзгөртүлдү) Бишкек—Ош унаа жолунда жүк ташыган унаасы менен Москва шаарынан Ош шаарына келе жатып, Кароол айылындагы мечиттин жанында токтогон. Анын жанына бейтааныш бала келип, уюлдук кол телефонунан тез жардам кызматына чалып берүүнү суранып, бирок тез жардам кызматы келбей турганын билдирген. Саат 02:11де милиция кызматкерлерин 102 номуру аркылуу чакырышкан. Милиция кызматкерлери бул ишти өздөрү териштирип ала турганын айтып, Нурбекти кетирип жиберишкен. Тергөөнүн жүрүшүндө Нурбек милицияга телефон чалганы тастыкталды.

Ал эми 2020-жылдын 22-февралында Өзгөн РИИБдин башчысы тарабынан бекитилген күзөт ведомствосуна ылайык, суткалык кезметке нөөмөткердин жардамчысы Эдил дайындалган.

Ал ИИМдин буйругунда «кылмыштар жана жоруктар боюнча арыздарды, маалыматтарды жана ошондой эле окуялар жөнүндө башка маалыматтарды кабыл алуу жана каттоо боюнча нөөмөт бөлүмүнүн укуктуу кызмат адамы жооптуу, ошондой эле нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери маалыматты кабыл алып, каттоо журналына каттап жана электрондук каттоого алышат» деп көрсөтүлгөнүн билип туруп, шалаакы мамиле жасап, өз милдетин талаптагыдай аткарбаганы үчүн Бактыгүл суукка тоңуп каза болгон.

Сот отурумунда айыпталуучу Эдил күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, 23-февралга караган түнү өзү нөөмөттө болгон. Жанында эки кызматкер бар болчу. Ал милдети нөөмөт бөлүмүнө чалуу келгенде алгач өзүн тааныштырып, кийин маалыматты угуу, нөөмөт бөлүмүндө отуруу жана түшкөн маалыматты жеткирүү экенин белгиледи. Анын айтымында, аталган окуя тууралуу телефон чалууда ким жооп бергенин билбейт. Себеби ал учурда дааратканага кирип кеткен. Бул окуя боюнча кызматтык териштирүү жүрбөгөнүн айтып, актап берүүнү суранды.

Сот отурумунда Өзгөн РИИБдин башчысынын орун басары күбө катары көрсөтмө берди. Анын айтымында, эртең менен жумушка келгенде саат 07:00дө Кароол айыл өкмөтүнүн алдында өлүк жатканы тууралуу нөөмөт бөлүмүнөн кабар берилген. Окуя болгон жерге өзү барып, жансыз денени кароодон өткөрүп, эксперттерди чакырышкан. Ошол эле күнү түшкө чейин маркумдун өздүгү такталып, өгөй уулу сабап, ошол абалга жеткиргени белгилүү болгон.

Сот отурумуна жансыз денеге кароо жүргүзгөн эксперт да чакырылды. Ал эгер маркумга эртерээк жардам бергенде өлбөй калышы мүмкүн деген суроого травматолог дарыгер жооп бере ала турганын көрсөттү.

Сот отурумуна Өзгөн РИИБдин башчысынын милдетин аткаруучу да чакырылган. Ал окуя кайсы күнү болгону так эсинде жок экенин айтты. Аталган аял каза болгону тууралуу жетекчиге кабар берилбей калып, тергөө учурунда уккан. Айыпталуучуга кылмыш иш козголгондуктан анын үстүнөн кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн эмес. Анын айтымында, топто жалпы 7-8 адам иштейт. Буйрукта нөөмөтчү уктаса болору көрсөтүлгөн эмес. Бирок эс алса болот. 102 номуруна келген чалууну нөөмөтчү менен анын жардамчысы кабыл алат.

Окуя болгон күнү айыпталуучу менен иштеген Калыс көрсөтмө берди. Анын айтымында, 22-февралда саат 08:30да нөөмөтчүлүктү Эдил экөө кабыл алышкан. Тиешелүү буйрукта нөөмөтчү 3 сааттан эс алууга укуктуу деп көрсөтүлгөн. Ал эми аталган окуя ал эс алып жаткан учурда болгон.

«Саат үчтө туруп, жардамчым Эдилден тынчпы деп сурадым. Ал "тынч" деп жооп бергенда калганын өзүм карай турганымды айттым. Эртең менен багымдат намазына бара жаткан адамдар 102ге кабар бергенде мен тергөө тобуна айттым», - деди ал.

Сот отурумуна күбө Нурбек да чакырылды. Анын айтымында, Москва—Ош багыты боюнча жүк ташып иштейт. 23-февралга караган түнү саат 01:00 чамасында Москвадан Ош шаарына бара жатып Өзгөн районунун Кароол айылына жеткенде бир бала тосуп, жардам сурап, апасын ооруканага жеткирүү керектигин айткан. Ал болжол менен 10-класста окуйт. Тез жардам кызматын чакырганда алар келбей турганын айткан. Андан кийин милиция чакырганда алар тез жардам чакыруу керектигин айтышкан. Алар окуя болгон жерге келип, териштире турганын айтышкан. Нурбектин айтымында, өзүнүн апасы да инсульт алып, ооруканада жаткандыктан шашып кетип калган.

Жыйынтыгында Эдил күнөөлүү деп табылып, Жазык кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүмү боюнча 1 жыл белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 2 жылга эркиндигинен ажыратылды. Жазык кодексинин 83-беренеси (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) колдонулуп, 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынып, жазадан бошотулду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...