• Башкы бет
  • Президент Ак-Ордо-3 конушуна баргандан кийин кызматтан бошогон кызматкерлер
13:54, 2021-ж., 30-ноябрь

Президент Ак-Ордо-3 конушуна баргандан кийин кызматтан бошогон кызматкерлер

Президент Ак-Ордо-3 конушуна баргандан кийин кызматтан бошогон кызматкерлер

Сокулук районунда бир катар жетекчилер кызматтан бошоп, башка жакка которулушту.

Буга чейин президент Садыр Жапаров22-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургундары менен жолугушуп, аймактын көйгөйлөрүн талкуулаган.

Мамлекет башчы Ак-Ордо-3 конушунун жашоочулары тарабынан көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүү үчүн Сокулук районунун мамлекеттик жана көзөмөлдөөчү органдарынын жетекчилерин ротациялоону тапшырган болчу.

Көп өтпөй Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Керимкулов Чыңгыз Кенжебекович кызматынан бошотулду.

Маалым болгондой, Ички иштер министрлиги Сокулук жана Жайыл райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерин ротациялады.

Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп милициянын полковниги Керимкулов дайындалды.

Ага чейин бир катар басылмалар Сокулук районунун прокурору алмашканы тууралуу жазган. Бакытбек Сыдыгалиевдин ордуна Орозбек Бердибаев келди.

Ошондой эле, Сокулук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Болоткан Баяке уулу Кара-Суу районуна которулду.

Ал 23-ноябрда Кара-Суу районуна ротацияланып, анын ордуна ошол эле райондун акиминин биринчи орун басары Капарбек Абдиев келди.

Мындан тышкары 3 күн мурун Сокулук районундагы мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Казыбек Кубатов Жайыл районуна которулуп, анын ордуна Жайыл райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Ибраимов Рамис Рамазанович ротация болуп келди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...