13:53, 2021-ж., 30-ноябрь
Ноокатта жасалма күбөлүк менен унаа башкарып жүргөн айдоочулар аныкталды

Ош облусунун Ноокат районунун Гүлистан айылында жасалма айдоочулук күбөлүк менен унаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Тенгизбаев билдирди.
Анын айтымында, 27-ноябрда жол тескөөчүлөр тарабынан «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — Ноокат районунун 1989-жылы туулган тургуну М.Ф. колго түштү.
«Унаа Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айып короосуна токтотулду. Бул иш Ноокат РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
Кечээ
14:32
Кечээ
13:23
-ж., 24-март
13:20
-ж., 24-март
13:18
-ж., 24-март
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер