• Башкы бет
  • Өзгөн районунда жол кырсыгынан каза болгондордун аты-жөнү такталды
13:51, 2021-ж., 30-ноябрь

Өзгөн районунда жол кырсыгынан каза болгондордун аты-жөнү такталды

Өзгөн районунда жол кырсыгынан каза болгондордун аты-жөнү такталды

Ош облусунун Өзгөн районунун Чечебай айылындагы жол-транспорт кырсыгынан каза болгон жана жабыркаган адамдардын өздүгүн аныкталды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, кечээ, 29-ноябрда саат 16:50 чамасында Чечебай айылында Өзгөн районунун тургуну — 1954-жылы туулган М.Ж. «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, жолдун четиндеги арыкка түшүп кетип, кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен айдоочу М.Ж. жана жүргүнчү катары бара жаткан Өзгөн районунун тургуну — 1956-жылы туулган Т.Т. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми калган жүргүнчүлөрү Өзгөн — 1953-жылы туулган Т.Ш. жана 1963-жылы туулган Т.М. жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына кайрылышкан.

«Жол кырсык Өзгөн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ӨКМ аталган жол кырсыктан 2 эркек киши каза болуп, дагы 2 адам жаракат алганын билдирген. Ал эми Чечебай айылынын тургундарынын айтымында, кырсыкка кабылгандар Мырза-Аке айыл өкмөтүнүнү Коммунист айылынан болушкан. Алар кудасыныкына куран окутууга барып, кайра кайтып келе жатканда кырсыкка учурашкан. Унаа кулаган сай жолдон 50-60 метр алыс жайгашкан. Унаа кантип сайга кулап кеткени белгисиз.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...