15:36
Кечээ
Президент Садыр Жапаровдун 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында берген тапшырмасына ылайык, УКМК «Айыл Банк» ААКтын ишмердүүлүгүн текшерди.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, «Айыл Банк» ири суммадагы насыяларды мыйзамсыз жана максатсыз берип келгени аныкталды. Бул насыялар социалдык жактан аз камсыздалган жарандарга, ошондой эле айыл чарба жана мал чарбаны өнүктүрүү үчүн берилиши керек болчу.
УКМК Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) 1-бөлүгү менен сотко чейиник өндүрүш ишин баштады. Анын жыйынтыгы менен «Айыл Банктын» жооптуу кызматкерлерине юридикалык баа берилет.
Комментарийлер