• Башкы бет
  • Ошто ВИЧ кайсыл жол менен жугуп жактаны айтылды
13:39, 2021-ж., 29-ноябрь

Ошто ВИЧ кайсыл жол менен жугуп жактаны айтылды

Ошто ВИЧ кайсыл жол менен жугуп жактаны айтылды

Ош шаарында ВИЧ жана СПИДге каршы күрөшүү жумалыгы башталды. Дарыгерлер 1 жума бою көчмө клиникада жашоочулардан анализ алышат. Учурда көчмө клиника «Алымбек датка» тархый-этнографиялык комплексиин аймгында иштеп жатат. Бул жерде жашоочулар акысыз текшүүдөн өтсө болот.

Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Сабиржан Ташполотовдун маалыматы боюнча, учурда ВИЧ оорусу көбөйүп, гомосексуалдар бул илдетти жугузуп алган учурлар көбүрөөк байкалып жатат. ВИЧ боюнча статистика мурунку жылдарга салыштырмалуу көбөйгөндүктөн текшерүү жумалыгы башталды.

«Ош шаарынын Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгында кезектеги акциябызды баштадык. Бул акция бир жумага созулат. Азыркы күндө элдин арасындагы ВИЧ илдети билинбей бири-бирине жугуп, ВИЧ эпидемисы токтобой, тескерисинче көбөйүп жатканы бизге маалым», - деди Ташполов.

Ош шаарында былтыр ВИЧ боюнча 35 учур катталса, быйыл 39 учур катталды. Ал эми Ош облусунда өткөн жылы 30 учур катталса, быйыл 52 учур катталып, 22 учурга көп болду. Ошондой эле ВИЧ стадиясынан СПИДге өтүп, каза болгондор да бар. Ош шаарында СПИДден 4 адам, Ош облусунда 5 адам каза болгон.

«Ош облусу жана Ош шаарын алып карасак, ВИЧ жугузуп алгандардын 48 пайызы миграцияда жүрүп келген адамдар болуп жатат. Ал эми бул жакта жугузуп алгандардын көпчүлүгү негизинен жыныстык жол менен жугузуп жатат. Алардын ичинен гомосексуалдар көбөйүүдө. Андан кийин күйөөлөрүндө ВИЧ болуп, текшерилбей жүрө берип, аялы боюнда болуп, текшерилгенде аныкталып жатат. Жогорудагы статистикада айтылгандай, СПИДден каза болгондордун баары кеч текшерилгендер, алар ВИЧтен СПИД стадиясына өтүп кеткенге чейин жүрө беришкен», - деди Ташполотов.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...