13:37, 2021-ж., 29-ноябрь
Президент Садыр Жапаров кимге добуш бергени айтылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров №26 Ленин бир мандаттуу округунда абактагы Равшан Жээнбековго добуш берди. Бул тууралуу «Евразиянеттин» («Eurasianet») редактору Питер Леонард социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Ал Жапаровдун бюллетенди урнага салып жаткан учурдагы сүрөтүн жарыялады. Сүрөттөн президент Равшан Жээнбековго добуш бергенин көрсө болот.
«Прессага атайын ачыкталган болушу мүмкүн (балким андай эмес), президент Жапаров бир мандаттуу округда 2019-жылдын август айындагы башаламандыкка айыпталып, иши сотто каралып жаткан Равшан Жээнбековго добуш берди», - деп жазды Леонард.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:23
Кечээ
13:20
-ж., 29-март
13:19
-ж., 29-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер