• Башкы бет
  • Шайлоого нааразы болгон 4 партиянын өкүлдөрү билдирүү таратты
09:58, 2021-ж., 29-ноябрь

Шайлоого нааразы болгон 4 партиянын өкүлдөрү билдирүү таратты

Шайлоого нааразы болгон 4 партиянын өкүлдөрү билдирүү таратты

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон партиялардын өкүлдөрү кайрылуу жасашты.

Маалымат жыйынга «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү Өмүрбек Текебаев, Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова, Али Токтакунов, «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов, партиянын мүчөсү Артур Медетбеков, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков жана «Азаттыктын» өкүлдөрү Исмаил Исаков, Бактыбек Калмаматов катышты.

Алар Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын фальсификация жана махинациялардан улам тааныбай турганын билдирип, кайра таза шайлоонун өтүшүн талап кылышты.

«Таза шайлоонун» жыйынтыгы менен макул болбогон партияларды бизге кошулууга чакырабыз. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылабыз. Жарандардын тандоо укугун уурдагандар да жазасын алышы керек», - деди Рыскелди Момбеков.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо аралаш система боюнча өттү: 54 депутат пропорционалдык система боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча шайланды.

Парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктагандан кийин [саат 20:00дөн кийин] БШКнын шайлоо системасынын маалыматтык сайты бир аз үзгүлтүккө учураган.

Бирдиктүү округ боюнча биринчи маалыматтардын суммасы 100 пайыздан ашык болгон. Кийинчерээк маалыматтар жок болуп, сайт маалыматты көрсөткөн эмес. Бир аз убакыттан кийин сайт башка маалыматтар менен жаңыланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...