• Башкы бет
  • Ош облусунун аймагындагы карышкырлар атылууда
10:59, 2021-ж., 27-ноябрь

Ош облусунун аймагындагы карышкырлар атылууда

Ош облусунун аймагындагы карышкырлар атылууда

Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен Экология жана Климат мамлекеттик комитетинин Ош аймактык бөлүмүнүн аңчылары тарабынан Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө 5 карышкыр 1 чөө атылды. Ошондой эле Алай районунун тоолуу аймактарында 4 карышкыр атылган. Мындан сырткары, Кара-Суу районунда жолбун иттерди атуу иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун Алайкуу өрөөнүнүн эли менен жолугушкан. Жыйында тургундар мал-жандыктарга карышкырлар кол салган учурлар көбөйүп жатканын айтып, бул көйгөйдү чечип берүү боюнча кайрылышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...